Айылдарда кандай сууну ичишет?
Депутаттар таза суу көйгөйүн чечүү үчүн эл аралык донорлор, мамлекет каражат бөлгөнү менен, коррупциянын айынан абал өзгөрбөй, суусуз отурган айылдардын саны азайбай жатканын белгилеп келишет. Алыскы кыштактар эле эмес, шаар карамагындагы айылдарда да бул көйгөй курч... Тамчы суусу жок айылдар деле бар.
1805

Кыргызстанда 1805 айыл бар
657

Алардын ичинен 657синде таза суу таптакыр жок
595

Дагы 595 айылда суу түтүктөрү реконструкцияга муктаж
Бул тууралуу Суу менен камсыздоону өнүктүрүү боюнча республикалык департаментинин отчетунда айтылат
Кызыл-Октябрь


Бул айыл Ош облусунун Өзгөн районунда жайгашкан. Ош шаарынан түндүктү карай 30 чакырым аралыкта жайгашкан.

1940-жылдары түптөлгөн айылда азыр жалпысынан 2800дөн ашык адам жашайт. Учурда Кызыл-Октябрдын жашоочулары өлкөдөгү башка айылдардай эле турмуш кечиришет.

Тургундардын арасында жакыр жашаганы дээрлик жок. Андыктан жакырчылыкты айтып, көп деле арызданышпайт. Айылдагы үйлөрдүн арасында бирин-серин эки кабаттуулары да бар.


Кыргызстан тоолуу өлкө болгондуктан, айрым айылдардын ичинде адырлар да кездешет, бирок Кызыл-Октябрь тегиздикте жайгашкан. Тал-терек көп. Жер-жемиштин дээрлик бардык түрү өсөт.

Бирок буга чейин айылда суу көйгөйү курч турган. Тагыраагы, Советтер союзу тарагандан кийин таза суу көйгөйү жаралып, аны чечүүгө каражат жетиштүү болгон эмес.

Айыл эли таза суу чыгаруу боюнча 3 жолу аракет көрүшкөн. Ага чейин арыктын суусун пайдаланышкан. Андан мал да, эл да суу ичкен. Ошондуктан адамдардын ден-соолугуна кооптонуу бар эле. Санитардык абал сакталган эмес.
Кыргызстанда таза суу көйгөйүн чечүү үчүн чет элден инвестиция тартуу иши 2001-жылы башталган. Ошондо түптөлгөн "Таза суу" программасы боюнча 13 жылда 89,6 млн доллар келген. Бул тууралуу республикалык "Ичүүчү суу менен камсыздоону өнүктүрүү" департаментинин отчетунда айтылат.

Бул акчага миң айылга суу чыгаруу пландалган болчу. Бирок жумуштар 600дөн ашуун гана айылда бүткөрүлгөн. Ошентип, мамлекеттик "Таза суу" долбоору 2012-жылы токтоп калган.
Үч жолку аракет
1990-жыл
Биринчи аракет: 1990-жылдан кийин айыл ортосуна суу сактоочу атайын кампа курулган. Анын жанына жер алдынан насос менен суу чыгарышкан. Бирок Ош шаарында иштеген "Суу изилдөөчү партиясы" ал сууну ичүүгө жарабайт деген тыянак чыгарган. Анткени суу туздуу эле. Бул аракетинен майнап чыкпагандан кийин айыл эли арыктагы сууну кайра пайдалана башташкан.
2000-жыл
Экинчи аракет: 2000-жылдары Кызыл-Октябрга жакын жайгашкан Жалпак-Таш айылынан суу тартып келишкен. Бирок 3-4 күн гана суу чыгып, токтоп калган. Биринчиден, суу тартылган булакта запас аз эле. Экинчиден, жер көчкү жүрүп, ишти биротоло токтотту. Ошентип, экинчи аракеттен да майнап чыккан эмес.
2014-жыл
Үчүнчү аракети: Бул жолу эл акча топтогонго көнүшпөй, аракеттен майнап чыкпайт деп эч кимге ишенбей калышкан. Бирок Борбор азиядагы суу альянсынын көмөгү менен донордук каражатка 2014-жылы таза суу тартып келүү аракети башталды.
Кампага сууну 7 метр тереңдиктен насос менен чыгарышкан. Жер алдында суунун запасы жетиштүү эле.

Кийин элдин саны көбөйсө, ал суу кампанынын жанына дагы бир нечени курса болот, ага жер аянты бар.

Суу чыгаруу иши 2014-жылы башталып, бир жылда аяктаган.

Ошентип, Кызыл-Октябрь айылы 14 жылда жана үчүнчү аракетттин натыйжасында таза суу менен камсыз болду.
Айылга таза суучыгаруу үчүн 3 млн 700 миң сом коротулган. Анын 117 миң сомун Кызыл-Октябрь айыл өкмөтү берсе, 1 млн сомго жакын акчаны жергиликтүү тургундар өздөрү чогултушкан.

Кызыл-Октябрга коңшу Покровка айылындагы скважинадан сууну тартып келишкен. Түтүктөрдүн жалпы узундугу - 2,5 чакырым. Ал жерден тартылган суу эки айылдын ортосундагы 120 тонналык суу кампасына 3 саатта толот. Бул запас Кызыл-Октябрдагы 2800 адамга бир суткага жетет. Бул жараян үчүн электр энергисы дайым эле керектелбейт. Суу кампасы толтурулгандан кийин автомат насостун ишин токтотот. Анын эсебинен жарык үнөмдөлөт. Суу азайганда кайра иштей баштайт.
Ичүүчү таза суу чыгарууда акыркы 2 жылда бир топ иштер аткарылды:
Борборазиялык суу пайдалануучулар альянсынын көмөгү менен "Тогуз булак" ичүүчү сууну керектөөчүлөрдүн айылдык коомдук бирикмеси (ИСКАКБ) түзүлдү. Кызыл-Октябрь айылынын тургундары таза сууну сарамжалдуу иштетип калышты. Азыр чоргодон чыккан сууну малды суугарууга же айдоо жерлерине иштетишпейт. Күнүмдүк керектөөлөрүнө гана жумшашат. Айылдын көчөлөрүнө 37 чорго коюлган. Бирок айрымдары үйлөрүнүн короосуна чейин киргизип алышкан.

ИСКАКБ суунун айлык чыгымдарын айылдагы 450 кожолукка бөлгөн. Ошонун негизинде ар бир үй-бүлө ай сайын таза сууга 70 сомдон төлөйт. Чогулган 30 миң сомдун тегерегинде акча насосту иштеткен электр энергиясына төлөнүп, ашканы айылдыктардан акча чогулткан, суунун берилишин көзөмөлдөгөн 2 кызматкерге айлык катары берилип турат.
Мурда арыктагы сууну ичкендиктен айылдыктардын бирөө-жарымы ооруп калган анык фактылар жок. Бирок көпчүлүк тургундар өзгөчө балдарынын саламаттыгы үчүн кооптонуп турар эле. Азыр эми эч кимди бул маселе түйшөлтпөй калды.

Каныбек Исабаев
"Экологиялык өнүгүү" коомдук фондунун аткаруучу директору
Серепчинин пикири

Өлкөнүн алыскы райондорундагы көпчүлүк айылдарда ичүүчү суу көйгөйү оор. Акыркы 20 жылдыкты алганда, таза суусу жок айылдар көп болгондуктан, тургундар өздөрү аракет кылып, кудуктарды казып, насос менен жерден тартып чыгарып алып атышат. Бирок ал суулар канчалык деңгээлде санитардык талапка туура келээри талаш маселе.

Мындай болсо, барып-барып элдин ден соолугуна коркунуч жаралышы мүмкүн. Бүгүнкү күндө климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу ичүүчү суунун дүйнөлүк масштабда азайып бараткандыгы мындай айылдарга кедергисин тийгизет. Анткени жакынкы аралыкта кудуктагы суулардын көлөмү да азайып же такыр эле суу чыкпай калышы мүмкүн.

Кыргызстанда суу менен камсыздоо аракети бир калыпта эле турат деп ойлойм. Бул багытта кабыл алынган мамлекеттик программаларды жаңылоо зарыл. Өкмөттүн программасы менен ырааттуу аракет көрүшсө, эмнеге болбосун? Өлкө донор уюмдардын каражатын күтүп отура бербеш керек. Мамлекет жылына каражатты тыкыр көзөмөлдөп, аракет кылса болот. Стратегиялык пландарды кабыл алыш керек.

20 жылдан бери суу көрбөгөн Алмалык
Алмалык айылынын 1500ден ашык эли 23 жылдан бери кышын-жайын таза суусуз жашашат. 1964-жылы Ноокат районундагы Жатан айылынан суу тартылып келип, ар бир үйгө киргизилген. Бирок 1994-жылы токтоп калган. Анткени суу тартуучу насостун тетиктери эскирип, түтүктөр жарылып калган. Жабдыктарын Ташкенттен алып келиш керек болуп, бирок ага эч ким аракет кылган эмес. Ошентип жүрүп түтүктөр, тетиктер жок болуп кеткен.

Учурда айыл эли сууну 25 чакырым алыстагы Ош шаарынан ташып ичишет. Көпчүлүгү 2 тонна сууну 500 сом сатып алышат. Үйдүн чатырынан түшкөн сууну топтоп, мал-жандыктарга беришет, кир жууганга колдонушат. Зарыл учурда жамгырдын суусун ичкенге да аргасыз болушат. Андыктан ден соолукка кооптонуу ар дайым бар.

Тургундар бийлик органдарына кайрылышкан, бирок эч ким жардамга келе элек. Бирок былтыры Ош шаардык мэриясы Алмалыкка суу туртып барса, 37 млн сом кетээрин эсептеп чыккан. Мында сууну Ноокат районундагы Кызгалдак айылынан алууну пландашкан.

Таза сууну үнөмдүү пайдалануу аракети
Ош шаарында таза сууну үнөмдөө максатында суу эсептегичтерди ортоно башташканы менен азырынча ишке бериле элек. Алар пайдаланууга берилсе, эсептегичтер суу канал башкармалыгына (базага) колдонуучу канча суу пайдаланганы тууралуу маалымат берип, каражатты он-лайн эсептейт. Муну менен бийлик тургундардын крандагы сууну бейчеки ачып коюусун чектеп, таза сууну жер сугарганга керегинче иштетишет деп ишенишет.
Жалал-Абад шаарында да ушундай иштер аткарылып жатат. Бул жакта суу эсептегичтер орнотулганы менен он-лайн эсептебейт. Шаарга 620 шкаф коюлуп, 9 миң эсептегич орнотулат. Азыр иштин жарымы аткарылып бүткөндүктөн, тургундардын айрымдары эсептегич аркылуу төлөмдөрдү жүргүзө башашты. Бул дагы таза сууну үнөмдүү пайдаланууга түрткү берет дешет.
Кыргызстанда таза суу көйгөйүн чечүү үчүн чет элден инвестиция тартуу иши 2001-жылы башталган. Ошондо түптөлгөн "Таза суу" программасы боюнча 13 жылда 89,6 млн доллар келген. Бул акчага миң айылга суу чыгаруу пландалган болчу. Бирок жумуштар 600дөн ашуун гана айылда бүткөрүлгөн. Элеттиктердин баарына таза суу жеткиргиче жаңы курулуган куурлар жарактан чыкты. Ага "Таза суу" долбоору боюнча насыялык акча каражаттардын максатсыз пайдаланышы, тактап айтканда, коррупциялык иштер себеп болгонун ЖК депутаттары бир канча жыйындарда сөз кылышкан.

Коррупциялык иштер себеп болгонун чет элдик донорлор – Бүткүл дүйнөлүк банк менен Азия өнүктүрүү банкы да белгилешип, экинчи этапка келгенде, 2012-жылы каржылоону токтотуп койгон.

Инвестициянын негизинде келген акчалардын максатсыз пайдаланылганын бийлик өкүлдөрү дагы моюнга алат. Бул боюнча тендерден утуп алган компанияларга карата 2010-жылы 18 кылмыш иши козголгон.

"Таза суу" программасын "Ала-Тоо булагы" долбоору улантат
Бүткүл Дүйнөлүк банк менен Ислам өнүктүрүү банкы "Ала-Тоо булагы" долбоорун ишке ашырууга 94,2 миллион доллар каражат бөлөт. Ал мурун токтоп калган "Таза суу" программасынын ишин улантып кетет. Бул жолкусунда акчаны максаттуу пайдалануу боюнча убадалар берилди.

Аскарбек Токтошев
Республикалык "Ичүүчү суу менен камсыздоону өнүктүрүү" департаментинин директору
Буга чейин "Таза суу" программасынын биринчи этабында 69 жарым миллион доллар бөлүнсө, каражаттын 30-40%ы кымырылган. Куруучулар эски куурларды коюп, сапатсыз иш жүргүзгөн. Ошондуктан, бир жакты оңдоп бүтө электе, башкалары артынан жарактан чыга берген. Эми биз донорлор менен келишим түзүп жатып, мурунку иштер кайталанбайт, каражаттын максаттуу пайдаланышына кепилдик беребиз деп макулдаштык.
"Ала Тоо булагы" долбоору 2017-жылы ишке кирип, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Чүй облустарындагы 140 айыл таза суу менен толук кандуу камсыз болоору кабарланууда. Департамент жетекчиси Аскарбек Токтошев 2020-жылга чейин Кыргызстандагы айылдардын 90%ына ичүүчү суу жеткирилерин кошумчалады.

Донорлор берген 94,2 миллион доллардан сырткары мамлекеттик казынадан быйыл 200 миллион сом (3 миллионго долларга жакын) каражат бөлүнөт. Кыргызстандын айыл-кыштактарын ичүүчү суу менен толук камсыз кылуу үчүн 26 млрд доллар керек.

Республикалык бюджеттен калкты таза суу менен камсыздоо үчүн бир жылга 200 миллион сом гана бөлүндү. А бирок, таза эмес суулардан пайда болгон жугуштуу оорулар менен күрөшүүгө жылына 4,8 млрд сом же 71,5 млн доллар сарпталат. Бул тууралуу Кыргызстандын калктуу конуштарын таза суу менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программасынын отчетунда айтылган. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматында, өлкө жарандары кабылган оорулардын 70%ы таза эмес сууну пайдаланганынан улам келип чыгат.
Журналисттер: Асанбек Каракозуев
Адина Досумбетова
Алтынай Балтабаева
Монтажер: Жаныбек Деркенбаев
Аниматор: Кубанычбек Жусанов
Оператор: Алишер Исамов
Айдоочу: Аслан Таалайбек уулу
Made on
Tilda