Жылый баштады...
Климаттын өзгөрүп жаткандыгы тууралуу кабарлар жалпыга маалымдоо каражаттарында тез-тез айтылып келет. Он жылдан кийин глобалдык жылуулуктан улам планетада табият кырсыктары, ачарчылык жаралышы мүмкүн деген адамды тынчсыздандырган божомолдор бар. Мындан сырткары, ойлонто турган нерсе – көптөгөн өмүрлөрдү алып кетчү табият кырсыктары да бар. Ташкент сыяктуу мегаполистерде климаттык процесстер кандай жүрүп жатат, жана чоң шаарлар климаттын озгөрүүсүндө кандай ролду ойнойт, эмнени күтүп эмнеге даяр болуу керектигин Anhor.uz командасы изилдеген.
Климаттын өзгөрүүсү деген эмне жана эмнеси менен коркунуч туудурат?
"Азыр баары глобалдык жылуулануунун гипнозу алдында турат. Бул термин Ленинград мамлекеттик университетинин профессору К.Я.Кондратьев тарабынан сунушталган. Ал убакта окумуштуу бул кубулушту табигый процесстер менен байланыштырган, ал эми 80-жылдары бул түшүнүктөн кайткан".

Пертров Ю.В.
Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстандын улуттук университетинин профессору, климатолог
Заманбап илимий коомчулук "глобалдык жылуулук",-деген терминден алысыраак карманышат, анткени планетада жүрүп жаткан өзгөрүүлөр ар түрдүү болуп жаткандыктан, "глобалдык жылуулук" деген терминдин өзүнүн орду бар
Климаттын табигый өзгөрүүсү
Климат – жердеги ар кайсыл райондордогу метеорологиялык байкоо, дайыма бирдей болуп туруучу кубулуш эмес экендигин көрсөтөт, ал эми парниктик эффект жер планетасынын атмосферасы түзүлөөрү менен пайда болгон.
XIX кылымдын аягында жылуулануу башталган, 1920-30-жылдары бул көрүнүш өзгөчө күчөп, бирок кийинчерээк температуранын акырындап сууй баштаган. Сууктун түшүүсү 1960-жылы токтогон. Жер кыртышынын жаан-чачынын изилдөөлөрү, өткөн доорлордо мындан да көп климаттык өзгөрүүлөр жүрүп, табийгый табияттын шарттары болгондугун көрсөткөн.
Бирок бүгүнкү күндөгү климаттын өзгөрүүсү эч эле табигый көрүнүшкө дал келбейт, анткени токтоосуз, өзгөчө тездик менен жүрүп жатат.
Климаттык деңгээлдер
глобалдык
Акыркы 100 жыл аралыгында планетанын орточо жылдык температурасы 0,74 ºС, жогорулаган, өзгөчө 1990-2000-жылдар аралыгындагы он жыл ичинде эле көрсөткүч 0,4 ºС. түзгөн. Климат жаатындагы эң эле абройлу эл аралык (БКӨБЭТ) өкмөттөр аралык климаттын өзгөрүүсү боюнча эксперттик топтун божомолунда – XXI кылымдын аягында Жердин температурасы 1,8 ºС градустан 4,6 ºС градуска чейин жогорулаган
регионалдык
Туран регионунун түздүктөрү (Борбор Азия регионунун географиялык түшүндүрмөсү) климаттын өзгөрүүсүнө көз каранды. Биринчи кезекте муну тоо системаларына байланыштырат, мөңгүлөрдүн ээриши жана суу иштетүү көйгөйлөрү. Өзбекстанда акыркы он жылда жылуулуктун арышы 0,2°С. жогорулаган.
мезоклимат
Ондогон километр аралыкты камтыйт. Бул – шаарлардын климаты. Ал эрежеге ылайык, жылуу температура катары мүнөздөлөт. Жыл сайын Ташкентте абанын температурасы 0,018°С градуска жогорулайт.
наноклимат
Бул – батирлердин жана бөлмө ичинин климаты. Ал – үйлөрдүн, жылыткыч системалардын, туура курулууснан, желдетүү жана башка көптөгөн факторлорго көз каранды. Бөлмөдөгү эң эле ыңгайлуу абанын температурасы 18-22°С болуп саналат.
Глобалдык процесске таасир берүү баардык деңгээлде жүрөт. Үйдү жылытуу жана желдетүү үчүн энергияны колдонуу, көмүркычкылтек күйүүчү майын күйгүзүү – климаттын өзгөрүүсүнө таасир тийгизген факторлордун бири. Шаарлардын тез өнүгүүсү "жогорку температурадагы аралды" жаратат, алар планетанын жана региондордун жалпы климатына өзгөчө таасирин тийгизет. Мунун себеби-парниктик газдан турган "жылуу жууркан". Көпчүлүк окумуштуулар, жылуулук арышы күчөй берет деген пикирде.

Өзбекстанда да климаттын өзгөрүүсү жүрүп жатат. Муну байкоо үчүн кандайдыр бир кымбат баалуу жабдуунун кереги да жок. Мисалы, 2007-2008-жылдары кыш өзгөчө суук болгон, мамлекеттин баардык аймагындагы термометрлердин көрсөткүчү 30 градуска чейин түшкөн. Ал эми 2009-жылы баары тескеринче жүргөн. Январь айынын ортосунда аба ырайы 10 градустай жылуу болуп, кадимки жаз мезгили келгендей абалды жаратып, каакымдар гүл ачкан. Бул жылдары Ташкентте жай мезгили жылуу болгон, бирок мындан да жылуу жай мезгили 2015-жылы жүрүп биринчи жолу борбордун абасы – Термез шаары жайгашкан республиканын түштүгүнөн да жылуу болгон.

Климаттын өзгөрүүсүнүн Өзбекстанга тийгизчү негативдүү натыйжалары
кургак ыссык мезгилдин узака созулушу;
жаан-чачындык жогорулашы жана анын көп күнгө созулушу;
муздардын деградациялануусу жана тоодогу кар запастарынын азайышы;
сел коркунучунун көбөйүүсү;
тоо этектеринде жана түздүктөгү аймактардын буулануусунун көбөйүүсү;
биринчи кезекте, эгин жерлерге суу керектөөсүнүн жогорулашы;
экстремалдык кубулуштардын кайталануусунун көбөйүүсү.
Глобалдык деңгээлде бул бир эле аба ырыйынын өзгөрүүсүнүн көрсөткүчтөрүнүн өзгөрүүсү эмес, айыл чарба шартынын өзгөрүүсү дагы, анткени аба ырайынын коркунучтуу өзгөрүүсү, эгиндерге да кедергисин тийгизбей койбойт.
Борбордук Азия үчүн жылуу кыш мезгили жана аптаптуу жай мезгилинин тенденциясы көпчүлүк регион бөлүктөрүндө байкалуусу, Тянь-Шань жана Памир тоолорундагы мөңгүлөрүнүн ээрип кеттүүсүнүн божомолдору тынчсыздандырат.
Күчтүү жаан-чачындардын,кургакчылыктын,селдердин саны көбөйүүдө.
Климаттын өзгөрүүсү суу ресурстарынын санына жана сапатына, айыл чарба жана адам баласынын ден соолугуна таасирин тийгизеери ачык;
Чөлдөшүү, экосистеманын жана жаратылыш ресурстарынын деградациялануусу сыяктуу учурдагы көйгөйлөрдүн күчөшүнө алып келиши мүмкүн.Мына ошондуктан туруктуу өнүгүүнүн узак мөөнөттөгү перспективалары коркунуч алдында турат.Андыктан климаттын өзгөрүүсү баарына тиешелүү.


Ташкентте климат кантип өзгөрүлдү?
Ташкенттин жашоочулары жайкы 40 градустук ысык аба ырайына көнүп деле калышты. Жада калса жылуу кыш мезгили да эч кимди коркута албай калды, тек гана эрте гүлдөөчү бактарга жаз мезгилиндеги үшүктүн жүрүүсү зыянын тийгизет. Алдыда климат дагы кандай болуп өзгөрөт? -деген суроо жаралат, көптөгөн стратегиялар ойлонуп табылганы менен, бирок аныгын айтууга мүмкүн эмес.
1872-жылдан тарта гидрометеорологиялык институттун адистери тарабынан Ташкентте гидрометеорологиялык изилдөөлөр жүргүзүлүп келет. Бул изилдөө токтоосуз жүргүзүлүп, 1917-жылы гана тыныгуу болгон. Азыркы учурда кореянын фирмасы бул архивдин оцифровкалоодо. Бул маалыматтар климатологтор үчүн маанилүү,андыктан бул маалыматтарды жоготууга болбойт. Азыркы учурда шаар "жылуулук аралындай" деп айтууга болот. Мисалга алсак, Ташкенттеги Амир Темир сквериндеги бак дарактарды кыйып салышкандан кийин бул аянт катуу ысый баштаган.


Пертров Ю.В.
Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстандын улуттук университетинин профессору, климатолог
Ташкенттеги жаан-чачындар
  • Ташкенттеги орточо жылдык атмосфералык жаан-чачындын саны 423,4 мм.
  • Өткөн кылымда алардын жылдык саны 60 мм. жогорулаган.
  • Жыл ичиндеги туман жүрүүчү күндөрдүн саны болжол менен 40-15ке кыскарган.
  • Чаңдуу бороон жүрүүчү күндөрдүн саны да кыскарган.
Шаар чагылгандардын санына да таасирин тийгизет. Аэропорттун радардык эсептөөсүнүн маалыматына ылайык эң көп чагылгандын саны шаардын түштүк-чыгышындагы бөлүгүндө, "Ташкент" аэропортунун үстүндө көп болоору аныкталган.
Климатологтор муну түндүк-батыштан соккон шамал , бийик имараттарга урунуп жогору чыгып муздак абаны жаратуусунан улам болгондугун түшүндүрүгөн
Ал бийиктикте чоң бир күчтүү булуттарды пайда кылып натыйжада чагылганды пайда кылат.
Түндүк-батыш тарапта чагылган эки эсе аз. Ал эми түндүк-чыгыш шаардын эң эле таза бөлүгү болуп сананалат, анткени тоо-өрөөндүк циркуляция жүрүп турат; түштүк-батыш эң эле булганган бөлүк анткени шамал дал ушул тарапка согуп турат.
Бүткүл дүйнөлүк метеорологиялык уюмдун базалык климаттык эсептин сунушуна ылайык 16 жыл ичинде баардык температуралык мүнөздөр кескин түрдө өскөн. 1933-2006-жылдары Ташкенттин жылуулука тийгизген таасири 0,4 градусту түзгөн. Бул эффект жайкысын 0,6 градуска күчтүүрөк болуп байкалат. Ал эми шаардагы жаан-чачындын санынын өсүшүнө тескери таасирин тийгизет.
Ташкентте климаттын өзгөрүүсүнө эмне таасир этет?
Чоң шаар: атмосфера, өсүмдүк,жер,тоо-кыркалар,топурак,жер астындагы суу жана климат сыяктуу жаратылыш компоненттерин чөйрөсүн өзгөртөт. Ал эми булардын өзгөрүүсүнөн улам температуранын өзгөрүүсү, шаар менен анын айланасындагы күндүн радиациалануусу да өзгөрүүгө дуушар болот.
Өнөр жай
Ташкент,30 чакту өнөр жайлар иштеп жаткан мегаполис. Шаардын айланасында атмосферага жана мезоклиматтын өзгөрүүсүнө таасир тийгизген цемент завоттор бар. Мындан сырткары, өнө жайлар углеводороддун күйгүзүү менен алынган энергияны көп иштетишет.
Транспорт
РУзМамкомэкологиянын маалыматны ылайык 1990-жылдан тартып Ташкентте автотранспорттун саны 2,6 эсеге жогорулаган. Буга карабастан автотранспорттун зыяндуу заттарды чыгаруусунун көрсөткүчү түмөндөгөн. Мунун себеби шаардын автопаркы жаңылангандыгында жана күйүүчү майдын ордуна газ-метанды иштеткендикте. Шаар автопарктын 23% газга алмаштырылган.
Демография
Ташкент Республиканын эң чоң шаары болуп саналат, жашоочулардын саны жагынан да башка шаарларга салыштырмалуу бир топ алдыда турат, мунун себеби көп убакыттан бери анын борбор статусуна ээ болгондугу менен түшүндүрүшөт. 2015-жылдын статистикалык каттоосуна ылайык, Ташкенттин калкынын саны 2 371,3 миң адамды түзөт

Парниктик газды чыгаруу боюнча (биринчи кезекте СО2) алгачкы катарда транспорт жана углеводородду күйгүзүү жолу менен чыгарылган электр энергиясы турат. Калктын саны өсүшү менен бул көрсөткүч жогорулап, климаттын өзгөрүүсүн өөрчүтөт.Таштандынын көбөйүшү же азайышынан улам жер планетасы үчүн кандай жыйынтык болоору тууралуу баяндалган модельдер көп. Ана да климаттын глобалдык өзгөрүүсүнө, углекислый газдын чыгарылуусу эч кандай таасирин тийгизбейт деген теориялар да бар.Бирок 97% климаттын өзгөрүүсү тууралуу темадагы публикациялар, глобалдык жылуулука өнөр жай тарабынан ташталып чыгарылган CO2 парниктик газдарга байланыштуу дейилген теорияны колдогон.
Климаттын өзгөрүүсү, мегаполис тургундарынын жашоосуна кандай таасир тийгизет?
" Шаар тургундары үчүн айыл жергесиндеги миграция чоң тобокел болуп саналат, себеби климат өзгөргөн шартта айылчарба суу ресурстарына көз каранды болуп калат".

"Андан сырткары шаар тургундары үчүн чарба кармоо кыйын болуп барат. Билбейм Ташкентте канчалык деңгеелде аларды суугаруу үчүн ичүүчү суу колдонулаарын, бирок бул булак руксат берилбей койотурганга айланып барат. Кадимки жаан чачындын режими да өзгөрүп жатат, мен чогулган жамгыр суусун сарамдуу колдонууну кеңеш береер элем.

Вадим Ни
Казакстандын Экофорум коомдук бирикмесинин төрагасы
Дан азыктардын коопсуздугунун коркунучу
Климаттын өзгөрүүсү айыл чарбанын диверсификациялануусун талап кылат,бул демек башка жогрку температурага туруктуу жана негизги сатылуучу сорттордун азайып тандалып калуусуна себеп болот.
Шаардык инфраструктура
Өзгөрүүсү керек, анткени жай мезгилиндеги экстремалдуу жогорку температура башка материалдарды, адамдар үчүн башка шарттарды талап кылат, мисалга бөлмө ичиндеги абаны кондиционердештирүү талабы өсүп барат, мындан сырткары транспорттордо да.
Саламаттыкты сактоого оорчулук
Температура ,Ным жана кан басым сыяктуу көрсөткүчтөрдүн өзгөрүүсүнөн улам, метеосезгичтүү адамдар өзүн жаман сезе баштайт.
Интенсивдүү аба булганган шаар райондорунда жашаган өспүрүмдөрдүн иммунобиологиялык көрсөткүчүнүн, организминин статусуда өзгөрүүлөр байкалат. Айдоочулардын жана жүргүнчүлөрдүн физикалык жана акыл жактан иштөөсүүнүн көрсөткүчү да өзгөрүлөт.

Шаарда углероддун жана азоттун оксидинен,аммиактан,углеводдон,сернис газынан, улам организмдеги коргоочу касиеттерди төмөндөтүп, уулануунун себебинен улам конъюнктивит, экзему, фарингит, ларингит орусу менен оругандардын саны өсүүдө.
Термикалык стресске байланыштуу башка оруларга түз таасирин тийгизгенден сырткары, башка таасирлери да бар.Мисалы ичүүчү суунун сапатынын начарлашы жана жетишсиздигинен улам Инфекциялык орулардын санын өсүшү байкалууда. Суунун жетишсиздигинен жана жердин сапатынын кеткендигинен улам тургундарды жеткиликтүү азык түүлүк менен камсыз кылуу көйгөйү да жаралат.
Эмне кылыш керек?
Негизги жасалуучу аракеттердин страдегиялары
Кабыл алынган чаралар комплекстүү жана пладуу болуусу керек.
Адаптация
Шаар акырындык менен климаттын өзгөрүүсүнө адаптация боло баштайт. Күчтүү коомдук политиканын болуусу да маанилүү, анткени өзгөрүүлөр алсыз социалдык тургундарга таасир берет.
Белгилүү аймакта жашаган адам, көнөт,адапташат (лат. Adaptation-Өздөштүрүү ,көнүү) айлана чөйрөнүн шартына көнүү болуп саналат.
Адаптация адамга климат шарттары өзгөргөндө керектелет.

Learn more
Жумшартуу
Шаар территориялары глобалдык жылуулукту 2-2,4°C кармап туруу менен камсыз кылууда өнүгүү жолуна жетүүгө жардам бере алат. Бул көрсөткүч БУУнун 2-рамкасынын климаттын өзгөрүүсү тууралуу беренесине дал келет.
Learn more
Ар бир шаар тургуну үчүн парниктик газды таштоонун санын азайтуу үчүн жөнөкөй бир жол бар-ал туруктуу мобилдүүлүкө өтүү, бул деген жеке автоунаада жүрүүнүн санын азайтып,коомдук транспортту колдонуу, кеебирки аралыкты велосипедде жана жөө жүрүү, автоунааны биргеликте колдонуу.

Вадим Ни
Председатель Экофорума общественных организаций Казахстана
Эгерде жеке автоунаңызды колдонуудан баш тартуу оор болсо, анда жөнөкөй эрежелерди колдонуңуз анткени бул эрежелер автоунаңыздан чыккан зыяндуу заттарды азайтат,анан да унааңыздын тетиктерин жакшы абалда сактап көп убакытка чейин пайдаланууга болот.
Атмосфера абасынын сапатын жакшыртуунун эң эле бир мыкты жолдорунун бири болуп-дарак отургузуу болуп саналат. Кантип муну туура жасоо керек, жана да Ташкент шаары үчүн кайсыл түрлөрүн тандоо керек?
Дагы бир парниктик таштандылардын көлөмүн азайтуу үчүн маанилүү кадамдардын бири болуп альтернативдүү энергетиканы колдонуу болуп саналат, бул нерсе климаттын өзгөрүүсүнүнүн, калыбына келтирүү үчүн өзгөчө салым болот
Климаттын өзгөрүүсү болуп жаткандыгы,илим тарабынан да далилденди.Ташкенттин тургундары муну сезе баштаган. Анткени кыш мезгили жылуу болуп, жаан-чачындын саны да азайып, метеокөзкаранды адамдар муну дагы да күчтүү байкоодо. Парниктик газдарды таштоо токтоосуз процесс экендиги окумуштуулар тарабынан далилденген. Бирок аны токтотуу же акырындатуу адапташууну жакшырта алат жана бул үчүн ар бирибиз көп нерсе жасай алабыз.


Авторы:
Дарья Османова
Лобар Исламова
Саида Сулайманова
Ромина Тулякова

Бул публикация Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну Anhor.uz жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын билдирбейт
Made on
Tilda