Азыркы Кожент – Тажикстандын Түндүгүндөгү өндүрүшү өнүккөн жана маданий шаар, ошону менен катар республикада чоңдугу боюнча экинчи шаар. Чындыгында шаардын географиялык жайгашкан жери менен климаттык шарты жакшы.
Бирок акыркы убакта атмосферанын булганышы негизги көйгөй болуп баратат. Абага уулуу заттардын бөлүнүп чыгышы элдин дем алуусун оорлотуп эле калбастан, аймактагы климаттын өзгөрүшүнө таасирин тийгизип жатат. Биз, бул көйгөйдүн келип чыгышы менен чечүү жолдорун аныктаганга аракет кылдык.
КОЖЕНТ ЭМНЕ МЕНЕН ДЕМ АЛАТ?

Атмосфералык абадагы уулуу заттардын консентрациясы көрсөтүлгөн чекте болуш үчүн аны нормалдартыруу жана аныктоодо төмөндөгүдөй болуш керек:
1,2 мг/м3

ЧАҢ
0,3 мг/м3

АЗОТ КЫЧКЫЛТЕГИ
0,1 мг/м3

КҮКҮРТ АНГИДРИДИ
1,5 мг/м3

КӨМҮРТЕК КЫЧКЫЛТЕГИ
Согди облусунун айлана чөйрөнү коргоо боюнча башкармалыгынын маалыматтары боюнча, Кожент шаары боюнча 2012-2015-жылдар аралыгында абага бөлүнүп чыккан уулуу заттардын жалпы көрсөткүчү:

1
АВТОУНАА
Абаны булгоого шаардын эле эмес, сырттан келген автоунаалардын салымы өтө чоң. Ал Кожент шаарындагы абанын 70 пайызын булгап, уулуу заттарды бөлүп чыгарат.
Согди облусунун мамлекеттик автоинспекция башкармалыгынын маалыматы боюнча, шаардагы автоунаалардын саны:
13,4 миң. шт.
2007-жылы
19,3 миң. шт.
2016-жылы
Бул сандар жыл өткөн сайын өсүп баратат.
көмүртектүү суутектер
көмүртек кычкылтеги
азот оксиди
Негизинен абаны бензин менен жүргөн автоунаалар булгайт. Бензин күйгөндө андан 200дөн ашык зыяндуу ингридиенттер бөлүпүп чыгат. Алардын эң коркунучтуусу болуп төмөндөгүлөр эсептелет:
альдегид
күкүрт суутеги
коргошун
уулуу канцерогендик заттар
КОЖЕНТТЕГИ АВТОТЫГЫН
Кожент – бүгүнкүдөй көп автоунааны көтөрө албайт. Башкача айтканда, азыркы убактагы автоунаалар шаарга көптүк кылат. Шаардагы светофорлорун аралыгы болжол менен 500 метр. Анда күндүзү автотыгындардын айынан, борбордук көчөдө бараткан айдоочу ылдамдыкты саатына 12-20 км.ге чейин түшүрөт. Бул – бензинге кетирген чыгымды 3-4 эсеге чейин көбөйтүп, абага уулуу заттарды бөлүп чыгарганга шарт түзөт.
Кожент шаарынын автобазары. Бул жерде негизинен эски автоунаалар соода болот.
Кожент автопаркынын "жаш" абалы курчуп баратат. Көпчүлүк автоунаалар 25 жылдан ашык иштетилип келе жатат. Европа же Корея өндүрүшүнөн чыгарылып, экинчи колдонуудагы автоунааларды алып кирип эле, андагы фильтр-катализаторун кесип салышууда. Ал – бензин күйгөндөгү чыккан уулуу заттарды чыпкалай турган жабдык эле.
СПРАВКА:
Автоунаану от алдырып, жүргүзгөндө уулуу заттарды бөлүп чыгарууну азайтуу үчүн ага автокатализатор орнотулат. Бул деген эмне? Эгер химиялык аталышы менен атасак, анда катализатор – химиялык реакция процессин тездетет, бирок ал учурда өзү реакцияга кирбейт. Катализатордун негизин: никель, родий, жез, хром, палладий жана алтын түзөт. Автоунаа катализаторлук түзүмүнүн иштөө принциби – химиялык реакцияларды ылдамдатууга материалдардын катализатордук жөндөмдүүлүгүн ишке ашыруу болуп саналат. Мотордун цилиндириндеги бензиндин күйгөн учурунда бөлүп чыгарылган газда уулуу заттар пайда болот. Мындан улам, ал уулуу заттар адамдын ден-соолугуна жана жаратылышка зыянын тийгизет.
Катализатордун негизги активдүү материалын алмаштыруунун себеби – бул анын ичиндеги түстүү жана баалуу металлдардын болуусу. Алып-сатуучуларга автоунаанын эң негизги ушул элементин чыгарып алып, кайра сатуусу, алып келген транспортунун чыгымдарын жапканга пайдалуу болот. А кийин ал автоунаа кандай жүрөт – аны менен эч кимдин иши жок. Катализатордун негизги активдүү материалын демонтаждоонун натыйжасы – автоунаага бензинди көп чыгым кылып, аны толук күйгүзө албай калганына алып кетет. Бул албетте, атмосферанын булганышына толук шарт түзүп берет…
Негизи катализатор керекпи? 30 жылдык тажрыйбасы бар айдоочунун пикири:
Автоунаа катализаторунун синтезатору мотордун жакшы иштешин шарттайт. Машинаны жеңил от алдырат жана кыштын күнү мотордун тоңуусуна, форсункалардын толуп калышын жол бербейт. Цилиндрдеги от алуу процессин жакшыртып, бензинди экономдойт. Түтүндү аз чыгарып, абага уулуу заттардын бөлүнүп чыгышына тоскоолдук жаратат. Мотордун ишөө каражаттарын көбөйтөт. Автоунаадагы мындай түзүмдүн болушу, андан ары пайдаланганда экономдуу болуусун шарттайт.
Рафиев Акбарали
профессионал айдоочу
Мурда колдонулган автоунааны сатып алууда бир нерсеге жакшылап көңүл буруңуз: Ала турган машинанын катализатордун блогу алмашканбы же өзүнүкүбү? Эгер алмаштырылган болсо, баасын түшүрүңүз. "Авто дилерге" ал машина абага уулуу заттарды бөлүп чыгаарын түшүндүрүңүз жана ошол эле аба менен анын да балдары дем алыша турганын айтыңыз. Мүмкүн ушуну кимдир бирөөсү түшүнөт.
Үнөмдөп калган акчаңызга Катализатордун жаңысын сатып алыңыз дагы, жаңы машинаңызга орнотуңуз. Анын орточо баасы 55 АКШ доллары болот. Бирок анын сапатына карап баалары өзгөрө бериши мүмкүн.

Автоунаалардан бөлүнүп чыккан уулуу газдарды азайтуу максатында, Согди облусунун айлана чөйрөнү коргоо башкармалыгы экологиялык милиция менен биргеликте транспорттордун техникалык абалын текшерип, дайыма рейддерди өткөрүп турушат.

2
ӨНДҮРҮШТҮК УУЛУУ ЗАТТАР
Атмосфераны булгаган экинчи булак катары, өндүрүштөрдөн бөлүнүп чыккан уулуу заттарды айтса болот.
Мамлекеттик статистикалык комтитеттин маалыматы боюнча, өндүрүштүк заводдордон жана ишканалардан бөлүнүп чыккан уулуу заттардын жалпы көлөмү 2016-жылы 524,2 тонна болгон. Анын ичинен:
Кожент шаарында өндүрүштүк уулуу заттардын бөлүнүп чыгуу тензенциясы азайып бараткаы байкалат. Бул – көптөгөн ишканалардын шаардын сыртына чыгарылышынан болду.
Технологиялык процессти оптималдаштыруу иши да жүрүүдө, бул деген – чыгындысыз өндүрүш үчүн инновациялык ыкмалар колдонулууда дегендик.
Бүгүнкү күндө Түндүк-Чыгыш, Түндүк-Батыш, "Пахтакор-1", "Пахтакор-2" жана Түштүк-Батыш өндүрүштүк зоналары шаардын аймагында калууда.
Кожентте курулуш иштери өтө кызуу жүрүп жатат. Айрыкча, эл жашай турган көп кабаттуу үйлөр көп курула баштады. Курулуш иши жүрүп жаткандыктан, андан уулуу заттар бөлүнүп чыкпай койбойт.

3
Эл
Атмосфераны булгаган фактордун үчүнчүсү катары: элдин күнүмдүк турмуш-тиричилигинен чыгарылган уулуу заттарды атаса болот. Алар: кышындасы үйлөрдү жылытууда жана тамак-аш даярдоодо эл катуу отунду жана газ пайдаланышат. Албетте аларды күйгүзгөндө, абаны булгаган уулуу заттар бөлүнүп чыгат.
Тажик ашканасы – өзүнүн көп түрдүүлүгү жана байыркылыгы менен бай десе болот. Аш, самбуса, манты, лагман, дамлама жана башка көптөгөн тамактар бар. Албетте шашлык да бар. Бирок аны бир гана таш көмүр менен бышырат. А бул айлананы зыяндуу заттар (көмүр кычкылтеги, чаң, көө) менен "камсыздайт". Кожент шаарынын көчөлөрүндө, айрыкча Панчшанбе базарынын аймагында, шашлык жасаган бир эмес, бир нече коомдук жайлар бар.
СПРАВКА:
Таш көмүр – бул, биологиялык ар түрдүү курамдан турган зат. Аны жогорку температурада күйгүзгөндө айлана-чөйрөнү уулай турган түрдүү заттарды бөлүп чыгарат. Таш көмүрдү жакканда аба аябай ысып, көптөгөн учуп жүргөн чаңдарды булгайт.

4
АТМОСФЕРАЛЫК АБАНЫН ЧЕКТЕН АШЫК БУЛГАНЫШЫ
Бул – шаардын абасынын булганышынын натыйжасы катары сырттан келген уулуу заттарды атаса болот.
Шаардын атмосферасынын булганышынын бул категориясы – айрыкча жакынкы райондордогу айыл-чарба иштеринин жүрүшүндө, шаарга жакынкы жолдордун жана башка курулуштардын аткарылышында пайда болот. Кожент шаарынын климаттык өзгөчөлүгү салыштырмалуу жакшы деп табылгандай эле, терс көрүнүштөрү да бар.

БИЗ ҮЙДӨ ЭМНЕ МЕНЕН ДЕМ АЛАБЫЗ?
Жогоруда айтылган булгагыч булактардан сырткары, дагы бир жаман булак бар – ал, ооруларды пайда кылган имараттын ичиндеги булганган аба.

Химиялык компоненттери – өзүнө тамеки түтүнү, формальдегид, учуучу органикалык кошундулар, көмүртек кычкылы, көмүр кычкыл газы, азот кычкылтеги, озон, радон, асбесттен бөлүкчөлөрү ж.б.ды камтыйт.

Биологиялык компоненттери – өзүнө үй чаңдарын, тышкы аллергендерди камтыйт.
Биздин кыш менен же бетон менен салынган үйлөрүбүз дайыма уулуу заттарды бөлүп чыгарып турат. Жабык жайда да көптөгөн микроскопиялык майда бөлүкчөлөр "учуп" жүрөт. Алар уулуу заттарды да алып жүрүшөт. Экологдор менен дарыгерлер үйдөгү аба көчөдөгү 8-10 эсе булганган абага караганда 4-6 эсе зыян экенин аныкташкан.
ҮЙ ШАРТЫНДА АБАНЫН БУЛГАНЫШУ МЕНЕН КАНТИП КҮРӨШҮШ КЕРЕК.

Бул тууралуу Кожент шаарынын мамлекеттик санитардык Башкы дарыгеринин орун басары Абдуллозода Абдумавлон ой бөлүштү
Булганган абанын ден-соолукка тийгизген таасири
Үйдөгү булганган аба менен күрөшүүнүн ыкмалары


КОЖЕНТ – ЖАШЫЛ ШААР .
Урбанизация процесси менен абанын булгануу көйгөйүн кандай чечип жатышат?

Санитардык нормага ылайык, жашыл аймактардын ар бир адамга кеминде 10 м2 болуш керек. Расмий маалыматка таянсак, Кожент шаарынын жашыл аймагы - 305,87 гектар. Бул шаардыктардын ар бирине бөлгөндө 19,8 м2тан тийет. Бул – өлкөнүн эң негизги өнүгүү багыты болуп эсептелет.
Азыркы Кожент шаары – көптөгөн бактарга бай, ыңгайлуу жана жашыл шаар. Жергиликтүү бийлик жашыл аймактарды кеңейтүү максатында көптөгөн иштерди аткарды. Бак-дарактар шаардын абасын зыяндуу заттардан жана чаңдардан арылтып турат.
Шаарда жыл сайын көчөттөрдү сатуу, жана гүл күнү белгиленет. Бул иш-чараларды өткөрүү салт катары, Кожент шаарынын визиткасы болуп калды. Ошондой эле ушуга окшош иш-чаралардын өтүшү – жаштарды айлана-чөйрөнү коргоого үйрөтүп, экологиялык маданиятты өнүктүрүүгө жардам берет.
Left
Right

Экологиялык абалды сактоо жана өнүктүрүү үчүн төмөндөгү аткаруу керек:
Атмосферага уулуу заттарды бөлүп чыгарган бардык тармактагыларды үзгүлтүксүз текшерүүнү күчөтүү.
Уулуу заттарды бөлүп чыккан өндүрүштөрдө чаң менен газды чыпкалоочу жабдууларды орнотуу.
Шаардын аймагынан турмуш-тиричилик таштандыларын чыгаруу графигин так сактоо.
Жергиликтүү тургундардын кичи райондордун аймагында, айылдарда, айрыкча Сырдарыянын жээгинде таштандыларды өз алдынча, башаламан таштоолоруна бөгөт коюп, түшүндүрүү иштерин алып баруу.
Шаардын жашыл аймагында жана дарыя жээктеринде курулуш обьекттерин курууга жана жер бөлүп берүүгө тыюу салуу: айрыкча ичүүчү таза суунун башында жана элге кызмат көрсөткөн башка аймактарда курулуш жүргүзүүгө тыюу салуу.
Шаардагы жашыл аймактарды кеңейтүү жана аны коргоо Могол-Тоо тоосунда эгүүнү колго алыш керек.
Көрүлүп жаткан чаралар жана аткарылып жаткан иштердин негизинде, шаардын айлана-чөйрөсүн калыбына келтирүү жана коргоо боюнча дайыма мониторинг жүргүзүп, комплекстүү системаны киргизиш керек, ошондой эле, ар дайым, жаратылыштын күрөө тамырын текшерип, булганыч абаны жок кылууга болгон аракеттерди көрүш керек.

Ошол эле учурда дагы бир нерсени белгилей кетиш керек, шаардын экологиялык абалын жакшыртуу жана жакшы абалын сактап калуу үчүн, биринчи кезекте элди бул ишки тартуу керек. Коомчулуктун жардамысыз эч кандай программа же иш-чаралардан майнап чыкпайт, ошондуктан, Кожент шаарынын экологиялык таза абасын камсыздандыруу боюнча биргеликте аракет көрүү туура болот.
ЖОГОРУ ЖАКТАГЫ АЙТЫЛГАН МААЛЫМАТТАРДАН КИЙИН, ТӨМӨНДӨГҮДӨЙ КОРУТУНДУ ЧЫГАРУУГА БОЛОТ:
"КОЖЕНТ ШААРЫНЫН ЭКОЛОГИЯЛЫК АБАЛЫ СТАБИЛДҮҮ ЖАНА ЖАКШЫРЫП БАРАТАТ"
"Бул басылма Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Басылманын мазмуну «Тирози Чавони» телеканалынын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт" .
Made on
Tilda