ТРРК "ТИРОЗИ ЧАВОНИ"
Кожент шаары таштандыларды кантип утилизация кылууда?
Өндүрүштүк жана турмуш-тиричиликтен чыккан таштандылар – азыркы убактын эң башкы экологиялык көйгөйү болуп калды. Ал элдин ден-соолугуна коркунуч жаратып, ошондой эле айлана-чөйрөнү булгап жатат. Чыгындылар жугуштуу ооруларды пайда кылат. Мурда адамдын күнүмдүк тиричилигинен чыккан таштандылар табигый жол менен эле жок болуп, көп деле көйгөй жараткан эмес. А азыр болсо, адамзат көп убакыт сактала турган чыгындыларды чыгарууда.
Түрдүү таштандылардын жок болуу убактысы
Маалыматты окуу үчүн сүрөттөрдөгү чекиттерди басыңыз
Бирок иш муну менен эле бүтүп калбайт. Азыркы убакта ар бирибиздин ден-соолугубузду максаттуу коргоо үчүн айта турган нерсе көп. Бул түшүнүктүү деңизчи, ошол эле кезде элдин ден-соолугу ар бир мамлекеттин ийгилиги үчүн негизги фактор болуп эсептелет. Бирок азыр экология ушунчалык тез начарлап баратканын унутпашыбыз керек. Экологиялык кыйын кырдаал айрыкча шаарларда байкалууда. Шаарлардагы элдин санынын өсүшү жана автоунаалардын көбөйүшү менен адам ишмердүүлүгүнөн, ошондой эле өндүрүштүк ишканалардан тонналап чыккан таштандылар айлана-чөйрөгө күн сайын терс таасирин берип жатканы – бул маселенин жөн гана көтөрүлүп жатканы десек болот. Акыркы он жылда таштандылар өтө эле көп чыгып калды. Биздин эсеп боюнча Кожент шаарынын тургуну болжол менен жылына 500 кг чыгынды таштайт. Бул негизинен саркындылар менен катуу таштандылар, алар көлөмүнө жараша айлана-чөйрөнү коркунучка такайт.
Шаардыктардан чыккан таштандылардын түрлөрү
Турмуш-тиричилик
Турмуш-тиричилик таштандылары
Курулуш
Курулуш материалдарынан чыккан калдыктар жана таштандылар
Өндүрүштүк
Сырьелордун калдыктары жана зыяндуу заттар
Айыл-чарба
Жер семирткичтер, мөөнөтү өтүп кеткен азык-түлүктөр
Техногендик
Колдонуудан чыккан турмуш-тиричилик техникалары жана ашыкча материалдар, буюмдар
Таштандыдан чыккан сырьену кайра иштетүү үчүн бир канча мамлекеттер бардык аракеттерин көрүп келет. Союз убагында Тажикстандын аймагында, айрыкча Кожент шаарында макулатура, металл, керек болсо малдын сөөктөрүн да кабыл алып, Уссурийск шаарына жөнөтүп турушкан. Бирок азыр макулатура, металл жана пластикалык идиштерди саналуу жерде кабыл алып жатышат.
Учурда шаардын таштандыларын азайтуу максатында, таштандыларды кабыл алып, андан сырье даярдап, кайра иштетип чыгып, өндүрүш менен турмуш-тиричиликке керектүү буюмдарды жасоого аракет кылып жатышат. Кожентте шаардыктардын таштандыларын утилизациялап жана кайра иштете турган бир канча кайра иштетүүчү жайлар бар.
Кайра иштетүүнү колго алгандарды колдоо боюнча мамлекет жаңы өндүрүштүк инновациялык ишканалардын өнүгүшүнө шарт түзүүдө. 2009-жылы "Сугд - эркин экономикалык аймагы" деп аталган долбоор түзүлүп, Тажикстандын аймагы менен эле чектелип, бирок өзгөчө юридикалык макам менен улуттук жана чет элдик ишкерлерге жеңилдетилген экономикалык шарттарды түзүп берүү үчүн иштей баштаган. Учурда бул долбоор 23төн ашык ишканадан турат.
За последние 5-лет, многие предприятия этой зоны, в целях рационального использования природных ресурсов и экономической целесообразности – переходят на технологическую вторичную переработку ранее выбрасываемых своих отходов. Конечная цель – перейти на безотходное производство.
Акыркы 5 жыл аралыгында бул долбоордун көптөгөн ишканалары жаратылыш байлыктарын ырааттуу пайдалануу максатында таштандыларды кайра иштетүүгө өтүп жатышат. Негизги багыттары – таштандысыз өндүрүшкө жетишүү болуп калды.
Учурда «Сугд - эркин экономикалык аймагынын" алкаганда заманбап инженердик-транспорттук, телекоммуникациялык жана өндүрүштүк инфраструктураны түзүүдө. Эл аралык талаптарга ылайык, жаратылышты коргоо максатында атамекендик илимий-техникалык багытта иштеп чыгарылган өндүрүштү, кандайдыр бир нерсени кайра жасап чыгарууну, экологиялык таза өндүрүш тармагын түзүүнү ишке киргизүүдө
Тажикстанда 10 жылдан ашык убакыттан бери сырьелорду кайра иштетип келе жаткан «Фортуна-Ко» ишканасы жакшы мисал боло алат. Бул мекеме кум аралашкан полимер үйдүн чатыры жабылуучу бышырылган жука карапаларды (черепицаларды" чыгарат. Бир нөөмөтүндө 7 эле адам ишейт. Сырье катары атайын даярдалган кум менен кайра иштетилген пластмассаларды жана боекторду колдонушат. Азыр чыгып жаткан көптөгөн боектордун жардамында каалагандай карапаларды даярдоого болот. Дагы кошумчалап кетчү жагдай, аларды жасап жатканда боектор кум менен полимерди бири-бирине жармаштырып туруучу желимдин да ролун ойнойт.
Кум аралашкан полимер карапаларды жасоо процесси
Иштин натыйжалуу болушу үчүн компания мындай иштейт:
Кожент шаарында иштетилген полиэтилен баштыктарды жана пластмасса идиштерди кабыл ала турган 6дан ашык пункттарды түзүү.
Кожент шаарында таштанды таштоочу челектердин жанына колдонуудан чыккан полиэтилен пакеттерди жана пластмасса идиштерди сала турган 15тен кем эмес атайын урналарды орнотуу.
Сырьену тазалоо жана аны бөлүштүрүү.
Колдонуудан чыккан кагаз буюмдарды эффективдүү топтоп жана аларды макулатурага өткөрүү. Макулатараны максаттуу пайдалануудан даарат кагаздарын чыгарууга жетишүү дегенди билдиргенин баарыбыз эле билебиз.
Жогоруда айтылган мисалдар ойлонууга аргасыз кылат. Мисалы, бүгүнкү күндө инновациялык технологияларды колдонуу – учурдун талабы болуп калды. Бирок, тилекке каршы, көпчүлүк ишканалар өздөрүнүн таштандыларын кайра иштетүүгө жөнөтүшпөйт, анткени ага атайын техникалар, ташып жеткирүү сыяктуу кошумча чыгымдар талап кылынат. Анткен менен бул маселени ачык бойдон таштап салууга да болбойт. Серепчилер таштандыларды туура эмес утилизация кылуу же аны каалаган жерге таштап салышкандыктары үчүн ишканалар көп суммадагы салык төлөп, чоң суммада айып акча төлөш керек деп эсептешет.
Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө сырьелордон чыгарылган материалдарга учурдагы ГОСТ талабы жана стандарташтыруунун башка нормалары боюнча кабыл алууда өзүнүн өзгөчөлүгү бар. Ишкерлер Стандартташтыруу, метрология, сертификациялоо жана соода инспекциясы боюнча агенттигинин аймактык өкүлчүлүгүнө кайрылганда жаңы чыгарыла турган өндүрүш үчүн өзүнчө "Техникалык шарттарды" иштеп чыгып коюштары мүмкүн.
Бул багытта башка же кыйла олуттуу тандоо катары "Кайра иштетүү мекемелерин колдоо боюнча мамлекеттик программасын" иштеп чыгып, аны жайылтса жакшы болмок. Айлана-чөйрөнү коргоо үчүн бул идея келечекте ишке ашып да калышы мүмкүн.
Кожент шаарынын Жаратылышты коргоо бөлүмүнүн адиси Шавкат Гаффоров төмөндөгүлөрдү маалымдады: Азыркы мыйзамдар менен нормалар, таштандыларды кайра иштетүүчү жана таштандысыз өндүрүшкө өтүп жаткан мекемелерге жардам берип жатат. Өлкөнүн "Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча" мыйзамынын 20-беренесине ылайык, "Жаратылыш байлыктарын колдонгону жана айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн", ошондой эле 46-49-беренелердеги "Башкалардын казынага милдеттүү төлөмдөрү боюнча" деген пункттар аркылуу жаратылыш байлыктарын колдонгон ар бир ишкана, менчигинин түрүнө карабай, таштандылары үчүн акы төлөшөт. Эгер, таштандыларды кайра иштетүүчү мекемелер болсо, бул салыктан автоматтык түрдө бошотулат.
Жаратылышты коргоо үчүн алгачкы кадамды таштап, таштандыларды туура эмес жерлерге максатсыз ыргыткандарга каршы туруп, Сиз менен биз, ТАШТАНДЫЛАРДЫ БӨЛҮШТҮРҮҮНҮ үйүбүздөн баштоого милдеттүүбүз!

Биздин өз-өзүнчө бөлүп ташталган таштандыларыбыз – кайра иштетүүгө жөнөтүлүп, кайра эле бизге буюм болуп келет. Элестетип көрүңүз – адамзат муну менен канчалаган жаратылыш байлыктарын сактап, каражаттар менен энергияны үнөмдөп жатат. БУЛ ӨТӨ ЭЛЕ КӨП ДА!

Бирок таштандыларды бөлүштүрүүнү туура аткарыш керек. Аларды туура бөлүштүрүү – бул, адамдын мыкты сапаттарынын бири болуп, келечекке жакшы салым кошкон менен барабар. Эгер биз таштандыны туура таштаганды үйрөнсөк, өнүккөн коомго жакындагандан сырткары, өзүбүз жашаган жаратылышты коргойбуз. Биздин лайфхак Сизге ушулар тууралуу айтып берет.
Эң негизгиси, "жалгыз мен эмнени өзгөртүп жиберет элем?",- деп өзүңүзгө ишенбөөчүлүк менен карап, актанбаңыз. Ошол жалгыз адам баары жасай албаган ишти аткарып коюшу мүмкүн. Керек болсо, бир эле таштандыны өз-өзүнчө бөлүп коюу – чыгындылар менен болгон күрөшкө кошкон салымыңыз болуп, биз жашаган мамлекеттеги экологиялык абалды жакшыртууга алып келесиз!!!
Аягында айтаарыбыз, биз түзгөн сурамжылоого катышыңыз. Анын жыйынтыгы менен биз төмөндөгү суроого жооп ала алабыз.
«Бул материал Европа Биримдигинин колдоосу менен даярдалды. Анын мазмуну «Тирози Чавони» телеканалынын жоопкерчилиги болуп саналат жана Европа Биримдигинин көз карашын чагылдырбайт».
Made on
Tilda